Жогорку Кеңеш депутаттары НАТО Парламенттик ассамблеясынын 58-сессиясына катышуу

2012-жылдын 9-12-ноябрь күндөрү Чехиянын Прага шаарында НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын 58-сессиясы өтүп жатат. Бул иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаттары Исмаил Исаков, Турсунбай Бакир уулу жана Жогорку Кеңеш делегациясынын НАТОдогу катчысы Дастан Урманбетов катышууда. Сессия жүрүшүндө делегация мүчөлөрү НАТО ПА президенти Карл Ламенрс менен жолугат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД