ТИМде жалпы дипломатия чөйрөсүндө мамлекеттик тилди жайылтуу жолдору талкууланды

2012-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде (ТИМ) эл аралык мамилелер жана дипломатия чөйрөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу жолдорун табуу жана аларды пайдаланууну ишке ашырууга арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгы билдирди.

Аталган тегерек столго Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Ч.Түмөнбаева, белгилүү коомдук ишмер И.Абдразаков, белгилүү тилчи-окумуштуу С.Ибрагимов, манас таануу илиминин адиси, манасчы Т.Бакчиев, Тышкы иштер министрликтин жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, Дипломатиялык Академиянын мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын башчысы Г.Тургунова, ж.б. катышты.

Иш-чарада Тышкы иштер министрлик жана жалпы дипломатия чөйрөсүндө мамлекеттик тилди жайылтуу, өнүктүрүү жолдору, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелерде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, КРнын ТИМнин Дипломатиялык академиясы тарабынан жалпы дипломатиялык кызматкерлери үчүн мамлекеттик тил боюнча курстарды уюштуруу маселелери талкууланды жана алгылыктуу ой-пикирлер айтылды.

Дипломатия чөйрөсүндө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү үчүн, ошол чөйрөгө гана өзгөчөлүктүү айрым документтерди кыргыз тилинде жазуу үчүн кызматкерлерге тийиштүү окуу курал, методикалык куралдар, сөздүктөр, справочниктер керектиги айтылды.

Аталган курстар боюнча кызматкерлердин катышуусун дайыма көзөмөлгө алуу жана алган билимдерин текшерүү үчүн сынактарды өткөрүү пикирлери да сунушталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД