Ош облусунун өрт өчүрүүчүлөрү бир күн бою жайыттагы өрттү өчүрүштү

Ош облусунун өрт өчүрүүчүлөрү кечээ бир күн бою жайыттагы өрттү өчүрүштү. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдиришти.

Өрт 150 гектар жерди ээлеген. Өрт уламдан-улам күчөп, башка жерге да жайылып кетүү коркунучун жараткан. Тилсиз жоонун алдын алууга жергиликтүү тургундар да тартылган. Өрттүн алдын алуу кечке жуук гана ишке ашкан. Өрт өчүрүүгө жааган кар жардам берген.

Алдын ала маалыматтарга караганда өрттүн келип чыгуусуна кишилердин өрткө карата шалаака мамилеси болушу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД