Бишкекте 24 жаштагы бала өзүн өлтүрүүгө аракет кылды

Сүйлөшкөн кызы менен урушуп кеткенден кийин 24 жаштагы бала өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу шаардык куткаруучулар билдирди.

Бүгүн, 16-ноябрда түнкү саат экилер чамасында “161” куткаруу кызматы шашылыш билдирүү түшкөн. Көлбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жаш жигит сүйлөшкөн кызы менен урушуп кеткендиктен үйдөгү газды ачып салган. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар эшикти сындырып кирүүгө аргасыз болду. ӨКМ кызматкерлеринин айтымында, бала эс-учун жоготуп, жерде жаткан. Куткаруучулар баланы таза абага алып чыгып, алгачкы жардамды көргөзүшкөн. Андан соң аны тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД