Бүгүн “Ак-Өргө” конушунда электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 20 ноябрда саат 9-00дөн 18-00гө чейин Гагарин көчөсүнөн жогору жайгашкан “Ак-Өргө” конушунда электр энергия өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, электр жарыгын өчүрүү жогорку вольттогу “Мамбетова” көмөкчордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу. Ал жерде Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы оңдоо иштерин жүргүзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД