“Түндүк электр”: Суткалык электр энергияны пайдалануу 22 млн кВт сааттан ашты

Электр энергияга план боюнча 20,3 млн кВт саат каралган болсо, 18 ноябрь, жекшембидеги кардарлардын суткалык электр энергия сарптоосу 22 млн кВт түздү. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” АККынын басмасөз кызматы билдирди.

Орточо суткалык электр энергияны пайдалануу 2011-жылы ноябрда 21,2 млн кВт саатты түзгөн. Өткөн суткада Бишкекте 10,9 млн кВт саат электр энергия пайдаланылган. Ал эми Чүй областында – 9,3 млн кВт саат колдонсо, Таласта – 1,8 млн кВт саат электр энергияны сарпташты.

Эскертсек, бишкектиктер үчүн ноябрда суткасына 10 017 млн кВт саат электр энергия каралган, ал эми Чүй областына – 9085 млн кВт саат, Талас областына – 1 млн 277 миң кВт саат электр энергия суткасына каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД