Европа кеңеши Орто Азия өлкөлөрүндөгү чек араны бекемдөөгө 34 млн доллар бөлдү

Орто Азия аймагындагы мамлекеттик чек араны бекемдөөгө Европа кеңеши 34 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу Улуттук стратегияны түзүү жана Кыргызстандын чек арасын башкарууда комплекстүү системаны киргизүү менен 2022-жылга чейинки планды ишке ашыруу боюнча конференцияда Европа кеңешинин Кыргызстандагы өкүлү Шантель Эбберехт билдирди.

Анын айтмында, долбоор 2003-жылдан бери Орто Азиянын бардык аймагында – Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда иштеп келет.

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү керектигин белгилеген Эбберехт Европа кеңеши мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча программаларды ишке ашырууну улантарын жана колдоорун кошумчалады. Ошондой эле укуктук техникалык жардам көрсөтүү боюнча жана кадрларды даярдоодо жардам берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД