Жогорку соттун судьяларына күбөлүк тапшырылды

Бүгүн, 20-ноябрда мыйзам жоболоруна ылайык Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Феруза Жамашева башында турган КР Жогорку сотунун жаңы шайланган судьяларына күбөлүк тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күбөлүк тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Токтогул Туманов катышты.

«Сот реформаларын ишке ашыруу алкагында алга карай чоң кадам жасалып, Жогорку соттун судьялары шайланды. Мамлекет турмушунун баардык чөйрөсүн реформалоо жүрүшүндө ийгиликтерге жетишүү үчүн өлкөдө тынчтык менен туруктуулук болуусу кажет. Белгилей кетчү нерсе, мыйзам алкагында калыс чечимдерди кабыл алуу менен, сот органдары өлкөдөгү туруктуулукту бекемдөөгө өз салымын кошот», - деп төрага баса белгиледи.

Эске салсак, 2012-жылдын 13-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан 25 талапкер КР Жогорку сотунун судьялык кызмат ордуна бекитилген. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Жогорку соттун төрагасына, анын орун басарларына, судьяларына күбөлүк тапшырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД