Абадан коргоо боюнча аракеттерди уюштуруу тууралуу макулдашуу ратификацияланды

КР президенти Алмазбек Атамбаев, 2012-жылдын 1-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Аба кемесин басып алуу (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин күчтөрүнүн абадан коргоо боюнча нөөмөтчүлөрүнүн аракеттерин уюштуруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу КР президентинин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзамга ылайык, КР Коргоо министрлиги көрсөтүлгөн макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп аныкталды.

Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө киришине зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жана көрсөтүлгөн макулдашууну ишке ашыруу жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД