Жогорку соттун Конституциялык палатасынын үч судьясы шайланды

КР президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев Президенттин Жогорку Соттун Конституциялык палатасына Борбукеева Мээргүлдүн, Касымалиев Мукамбеттин жана Мамыров Эркинбектин талапкерлиги боюнча сунуштамасы менен тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов мыйзам боюнча Конституциялык палатанын судьялары 7 жылдык мөөнөткө шайлана турганын айтты.

Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында М.Борбукеева 67 добуш менен, М.Касымалиев 84 добуш менен, Э.Мамыров Жогорку 74 добуш менен Жогорку соттун Конституциялык палатасына шайланды.

Конституциялык палатага жаңы шайланган 3 судья ушул эле күнү салтанаттуу ант беришти.

Эске салсак, жогоруда аталган судьялардын талапкерлиги КР президентине КР Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин чечими менен үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында сунуш кылынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД