2013-жылдан баштап бардык мектептер республикалык бюджеттен каржыланат

«Республика» парламенттик фракциясы 5-октябрындагы отурумунда Кыргызстандын бардык орто мектептери 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап республикалык бюджеттен каржылоо маселесин карап, тиешелүү чечимин КР Өкмөткө жолдогон.

Фракция кабыл алган чечимди КР Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен КР Каржы министри Ольга Лаврова талкуулап, чынында эле мектептерди айыл округдарынын бюджетинен эмес, республикалык бюджеттен каржылоо иштөөгө ылайыктуу деген бүтүмгө келишкен. Бул тууралуу

"Республика" парламенттик фракциясынын катчылыгы билдирдию

Билим берүү министрлиги ага чейин райондук билим берүү бөлүмдөрүндө борборлоштурулган бухгалтерияларды түзүп, аларды жабдуу жана кадрлар менен камсыздоо иштерин жүргүзмөкчү. Ага ылайык Кыргызстандын бардык орто мектептери 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап республикалык бюджеттен каржылана баштайт.

Билим берүү жана илим министрлиги мындай маалыматты фракция катчылыгына 21-ноябрда билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД