Бакыт Калмаматов: Тоноочулук боюнча депутаттык комиссия ишин улантуусу керек

Бакыт Калмаматов 2010-жылдын Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук фактыларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иши жаңы фактылар чыгып жаткандыгына байланыштуу улантуусу керек деп бүгүн маалымат жыйында айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Б.Калмаматов тиешелүү мыйзамда убактылуу комиссиянын жумушу аяктагандан кийин комиссия негизделген корутунду түзөөрүн, ал Жогорку Кеңешке берилерин, 15 күндүк мөөнөттө анын жыйналышында талкууланып, токтом менен бекитилерин ачыктап берди.

Б.Калмаматов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жаңы факты катары видео-тасманы сунуш кылды. Депутат бул тасма убактылуу комиссиянын мүчөлөрү же кайсы бир депутат тарабынан тартылбагандыгын, бул тасма ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмдүн тергөөчүлөрү тарабынан тартылгандыгын баса белгиледи.

Тасмада “Апрель” окуяларында талап-тоноочулукка Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын атын атап, тийиштиги бар деп көрсөтмө берип келген СИЗОдогу Абдулла Юсупов менен абакта чогуу жаткан Нургазы Бакаевге ИИМдин жогоруда аталган бөлүмүнүн ага тергөөчүсү сурак жүргүзүп жаткандыгы көрсөтүлөт. Анда Нургазы Бакаев талап-тоноочулук боюнча көрсөтмө берген чогуу бир абакта отурган Дастан Оморов, Азамат Шергазиев деген жарандар А.Юсуповдун көрсөтмөсүнүн негизинде депутаттарды талап-тоноочулукка аралаштырган түшүнүктөрүн жазгандыктарын айтып берет. Ошону менен катар, Н.Бакаев А.Юсуповдун жалганчы, алдамчы экендигин абактагы балдар дагы билерин кошумчалайт. “А.Юсупов абакта жатып эле депутаттын жардамчысымын деп, кайсы бир сотторго телефон чалган күндөрү болгон, Ош, Жалал-Абадда депутат Текебаевге каршы митинг уюштургула деп тапшырма берген”,- дейт Н.Бакаев.

Депутат Б.Калмаматов тасмада бир катар депутаттардын, жарандардын аттары аталып, бир нече телефондор айтылгандыктан, ишти териштирүүнү улантуу зарылдыгы келип чыккандыгын, андыктан, комиссия иши жыйынтыкталып калды дегенге негиз жоктугун билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД