Ысык-Ата районунда 76 жаштагы пенсионер өрт учурунда каза болду

Ысык-Ата районунда 76 жаштагы пенсионер өрт учурунда каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери билдирди.

Новопокровка айылындагы өрт тууралуу маалымат “101” пультуна 22-ноябрь күнү түнкү саат 12лер чамасында келип түшкөн. Өрт чыккан үйдүн бөлмөлөрүнүн биринен өрт өчүргүчтөр кемпирдин сөөгүн табышкан. Тилсиз жоонун тутанышына колго жасалган жылытуучу печка себеп болгон. Алдын ала маалымат боюнча кемпир өрттөн улам пайда болгон истен ууланган.

Бир сутка аралыгында Кыргызстан боюнча 11 өрт кырсыгы катталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД