Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жүрөт

Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы 2012-жылдын 22-23-ноябрында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА), ЕврАзЭБ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын жыйындары өтүүчү Санкт-Петербург шаарында (Орусия Федерациясы) жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Кыргызстан парламентчилери ЕврАзЭБ ПАА Бюросунун, КМШ ПАА Кеңешинин, ошондой эле ЖККУ ПА Кеңешинин жыйындарына жана КМШ ПАА пленардык жыйынына катышат. ЖККУ ПА Кеңешинин жыйыны ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын катышуусунда өтөт.

Иш сапардын алкагында Төрага А.Жээнбеков Орусия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкин, Казакстан Парламентинин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматуллин менен жолугушууларды өткөрөт.

Делегация курамында Жогорку Кеңеш депутаттары – КМШ ПААнын ЕврАзЭБ ПААнын жана ЖККУ ПАнын туруктуу комиссияларынын мүчөлөрү Каныбек Иманалиев, Абдырахман Маматалиев, Абдимуталип Кочкорбаев, Эсенгул Исаков, Токтокүчүк Мамытов, Акылбек Эшимов, Жылдызкан Жолдошева, Карганбек Самаков, Максат Сабиров, Бахтияр Кадыров жана Талантбек Узакбаев бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД