Санкт-Петербургда “Чыңгыз Айтматов дүйнөсү" аттуу конференция өтүүдө

Санкт-Петербург шаарында бүгүн, 22-ноябрда “Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу” аттуу эки күндү эл аралык конференция өз ишин баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Аталган эл аралык конференция Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин демилгеси менен өткөрүлүүдө.

Эл аралык конференциянын иши Орусиянын Улуттук китепканасында “Чыңгыз Айтматовдун жергеси” аттуу фотокөргөзмөсүнүн жана “Ч.Т.Айтматов Орусия Улуттук китепканасынын фондунда” аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы менен башталды.

Конференциянын ачылышында Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу өкүлү Болот Жунусов сөз сүйлөштү. Ошондой эле КМШ ПАА Кеңешинин төрайымы – ОФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Казакстан Парламентинин Сенат төрагасы Кайрат Мами жана Санкт-Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко сөз сүйлөдү.

Конференциянын ишине КМШга мүчө мамлекеттердин парламент төрагалары, кинорежиссер Андрей Кончаловский (Орусия), Азербайжан Жазуучулар бирлигинин төрагасы Рзаев Анар Расул оглы, Жавахарлал Неру атындагы университеттин профессору Насар Шакээл Рооми (Индия), Орусия Жазуучулар бирлигинин мүчөсү Герман Ионин, улуу жазуучунун бир тууган карындашы Розетта Айтматова кирген илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, окумуштуулар, коомдук ишмерлер катышууда.

Конференция ишинин экинчи күнүндө, эртең, 23-ноябрында Ч.Айтматовдун коло айкелинин ачылышы болот. Айкелдин автору – скульптор А.Турунбеков. Андан сырткары, сүрөткерлер Ю.Шыгаев, Т.Жумабаева, С.Федерованын улуу жазуучуга арналган сүрөт галереясы менен фотокөргөзмө дагы ачылат.

“Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы менен диалогу” эл аралык конференциясынын катышуучулары жыйынтык резалюциясын кабыл алат. Анда КМШ ПААга КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттери менен өкмөттөрүнө Ч.Айтматовдун чыгармачылык мурастарын окутууга жана жайылтууга багытталган ар жылдык тематикалык иш-чараларды өткөрүү жагын караштыруу маселеси боюнча кайрылуу жасоо сунушталат. Мындан сырткары, Ч.Айтматовдын чыгармаларын КМШнын орто билим берүү стандарттарынын компоненттерине киргизүү сунушталат.

Белгилей кетсек, 2012-жылдын 17-майында Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгеси менен Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эл аралык илимий конференция өткөрүү иш-чарасын даярдоо боюнча КМШ ПАА Кеңешинин төрайымы – ОФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко башында турган жумушчу топ түзүлгөн.

Аталган конференцияга даярдыктардын жүрүшүндө, улуу жазуучунун элесин түбөлүккө калтыруу максатында, 2012-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “КМШ ПААнын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу тууралуу” токтом кабыл алынган. Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын жобосуна ылайык, жылына бир жолу мамлекет тарабынан бирден көп эмес талапкерге 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык ыйгарылат. Сыйлык улуу жазуучунун туулган күнүндө тапшырылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД