Электр энергиясын суткалык пайдалануу тынымсыз өсүүдө

“Түндүк электр” ААК план боюнча 20,3 млн кВт саат электр энергиясын караган. Бирок кардарлар өткөн суткада 25,7 млн кВт саат колдонду. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКынын басмасөз кызматы билдирди.

Бишкектиктер өткөн суткада электр энергияга 13,3 млн кВт сааттан ашуун сарптады. Чүй областынын кардарлары 10,2 млн кВт саат пайдаланды. Ал эми Таласта 2,2 млн кВт саат электр энергияны өткөн суткага колдонулган.

Эсиңиздерге сала кетсек, ноябрда Бишкектиктер үчүн ар суткасына 10 млн кВт саат электр энергия каралган. Чүй облусуна 9 млн кВт сааттан ашуун каралган, Талас облусуна суткасына 1 млн 277 миң кВт саат электр энергиясы каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД