Президент түрк кредити тууралуу келишимдеги өзгөрүү боюнча мыйзамга кол койду

Кечээ, 22-ноябрда, КР президенти Алмазбек Атамбаев, «2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган КР Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган КР Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Өкмөтү тарабынан КР Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында Кредит берүү жөнүндө кредиттик макулдашууга өзгөртүүнү ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Бул мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 15-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, КР Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн кредиттик макулдашууга өзгөртүүнүн күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Түркия Республикасынын казыналыгынын катчылыгына билдирүүгө тийиш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД