Талап-тоноону иликтеген депутаттык комиссия жыйынтыгын ЖКнын кароосуна жөнөттү

Мындай чечим Жогорку Кеңештеги «Ата Журт» жана «Республика» фракциялары кирген «Мыйзамдуулук жана адилеттик үчүн» азчылык коалициясынын 22-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу “Республика” фракциясынын басмасөз кызматы билдирди.

Жыйында 2010-жылдын 7-9-апрель күндөрү болгон талап-тоноолор боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы К.Осмонов маалымат берип, комиссияга көрсөтмө берген жарандар тартылган видеотасма көрсөтүлдү. К.Осмоновдун маалыматы боюнча, комиссия талап-тоноо жөнүндө А.Юсупов, А.Шергазиев, Д.Оморовдор берген маалыматтардын чын же жалганын аныктоо максатын алдыга койгон жана айрым маалыматтар негиздүү деген бүтүмгө келген. Бирок, комиссиянын айрым мүчөлөрү дагы иликтөө керек деген шылтоо менен бүтүмгө кол коюудан баш тартууда жана ага айрым саясатчылар менен партиялардын кызыкчылыгы басым кылууда,-деп билдирди К.Осмонов. Комиссиянын мүчөсү К.Бокоев талап-тоноочулук фактыларынын артында дагы башка кыңыр иштер ачылат деп «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү кооптонуп, комиссиянын жыйынтыгын парламентте талкуулоого каршы болуп жатышат, муну А.Юсупов айтпаган фактылардын ачылгандыгы тастыктап турат,- деп белгиледи. Ушундан улам азчылык коалициясы комиссия жыйында талап-тоноочулук боюнча айтылган башка маалыматтарды эске алсын, жыйынтыгын Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыксын деген чечим кабыл алды.

Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык депутаттык комиссиянын жыйынтыгын парламент угуп, талкуулоого жана өз чечимин кабыл алууга милдеттүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД