Асылбек Жээнбеков казак Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматуллин менен жолукту

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен Казак Республикасынын Парламент Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматуллин 22-ноябрь күнү Санкт-Петербург шаарында жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтык мамилелеринин келечеги талкууланды. Алар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эл аралык уюмдардын алкагындагы да, эки тараптуу форматтагы да өз ара мамилелерин өркүндөтүү жаатында пикир алышты.

Казак мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматуллин Асылбек Жээнбековду Кыргызстандын Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү жүрүмүндө Казакстан колдоо көрсөтө тургандыгына ишендирди. Ошону менен бирге, өлкөлөрдү экономикалык жактан интеграциялоого жолтоо болгон карама-каршылыктарды жоюу максатында, мыйзам базаларын шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү зарылчылыгын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД