Өткөн суткада Бишкекте 13,6 млн кВт саат электр энергиясы сарпталган

Өткөн суткада Бишкекте жана Чүй, Талас облустарында электр энергиянын суткалык пайдалануусу 26,7 млн кВт саатка жеткен. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКынын басмасөз кызматы билдирди.

Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 13,6 млн кВт саат электр энергияны сарптаган. План боюнча 10 млн кВт саат каралган. Электр энергияга каралган лимит боюнча Чүй областынын кардарлары 10,8 млн кВт саатка көтөрүп жиберишти. Ал эми Таластыктарга бир суткада 1,1 млн кВт саат электр энергия каралган, пайдаланганы 2,3 млн кВт саат болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД