Бишкектин Кулатов, Пудовкин, Мотросов, Элебаев көчөлөрүндө жарык өчүрүлдү

Бүгүн 23-ноябрда Бишкекте саат 15-30дан 17-30га чейин чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы Кулатов, Ж.Пудовкин, Мотросов, Элебаевде электр энергия кыска мөөнөткө өчүрүлдү. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттөгү өчүрүүлөр “Кыргызстандын улуттук электр тармактар” ААК карамагындагы жогорку вольттогу 110/35/6 кВ “Восточная” көмөкчордону ашкере жүктөлгөндүгүнө байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД