Өлчөмү Нобель сыйлыгынан кийинки эле Ч.Айтматов атында сыйлык уюштурулду

КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблея Кеңешинин жыйынында “Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу” эл аралык конференциясы жөнүндө” жана Чыңгыз Айтматов атындагы КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын сыйлыгын уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Эскертсек, үстүбүздөгү жылдын 22-23-ноябрында КР Жогорку Кеңешинин демилгеси менен КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана Орусиянын Улуттук китепканасынын колдоосу менен “Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу” аттуу эл аралык конференция болуп өткөн.

Анда Парламенттер аралык ассамблея Кеңеши КР Жогорку Кеңешинин Чыңгыз Айтматов атындагы КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын сыйлыгын уюштуруу тууралуу сунушуна макулдук берип, 30 миң АКШ доллары өлчөмүн түзгөн сыйлык жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул сыйлык дүйнөдө көлөмү боюнча Нобель сыйлыгынан кийинки эле экинчи сыйлык болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД