Алмазбек Атамбаев Европа комиссиясынын вице-президенти Кэтрин Эштонду кабыл алды

27-ноябрында, КР gрезиденти Алмазбек Атамбаев Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү, Европа комиссиясынын вице-президенти Кэтрин Эштонду кабыл алды. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы өз сөзүндө: “Акыркы 20 жылдын аралыгында Европа союзу тарабынан бизге көп колдоо көрсөтүлдү. Мындай колдоо үчүн биз сиздерге абдан ыраазыбыз”, - деп белгиледи.

Өз кезегинде Кэтрин Эштон: “Мен Сизге бүгүнкү жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүн кызматташуу үчүн жемиштүү күн болду. Европа союзунун Борбордук Азия боюнча стратегиясы жаңыланууда. Менин оюмча 5 жылга артка кылчайып карап, анан Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда эмнеге жетиштик деп алдыга караган оң. Бул жагдай Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуусу үчүн абдан чоң мааниге ээ”,- деди.

Кэтрин Эштон Европа союзу мындан нары да Кыргызстанга демократиялык коомду түзүүдө жана экономикалык өнүгүүдө колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД