К.Султановдун ордуна КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчөлүккө 3 талапкер сунушталууда

Кылычбек Султановдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинде мүчөлүгү токтотулган.

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 27-ноябрдагы жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоонун мыйзамдык жол-жобосу менен тааныштырды.

К.Султанов Жогорку Кеңештин квотасы менен шайлангандыгына байланыштуу анын ордуна талапкер көрсөтүү укугу Жогорку Кеңешке таандык.

Мына ушундай мыйзамдык жол-жобонун негизинде К.Султановдун ордуна “Ата Журт” парламенттик фракциясы талапкер катары Нышанбек Кочкоровду, “КСДП” парламенттик фракциясы Бактыбек Сейитбаевди, “Ата Мекен” парламенттик фракциясы Жеңишгүл Өзүбекованы комитеттин кароосуна сунуштаган. Ал эми “Республика”, “Ар-Намыс” парламенттик фракцияларынан талапкерлер расмий көрсөтүлгөн эмес.

Талкууда депутат Эгемберди Эрматов сунушталган талапкерлердин жалпыга теле көрсөтүү тармагында аралашып жүргөндүгүн белгилеп, 3 талапкерди тең Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу менен шайлоо аркылуу чечүүнү сунуштады.

Депутаттын сунуш колдоого ээ болуп, КТРКнын Байкоочу кеңешине сунушталган талапкерлерди шайлоо жалпы жыйында каралмай болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД