Депутат Казакстанда камакка алынган кыргызстандын унаалары тууралуу айтты

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев кыргызстандык оор жүк ташыган унаалар казакстанда камакка алынганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бекешевдин айтымында, кыргыз тарап кытайлык жүк ташуучулардын көйгөйүн “ылдам анан кубануу менен” чечет. Депутат Кыргызстандын бийлиги бир гана КР менен КЭРдин жүк ташуучуларынын маселесине көңүл бурбастан башка мамлекеттердикин да кароо керектигин белгиледи.

“Орусия менен келишим бар. Анда биздин жарандар орусиянын жарандары сыяктуу эле Орусияга жүкташуучу машиналарды алып кире алат. Бирок, ошол эле убакта Бажы биримдигинин эреже-нормаларына таянып Казакстанда биздин машиналарды камакка алышууда. Биздин 5-6 айдоочуга Бажы биримдигинин мыйзамдарын бузгандыгы үчүн сотко беришкен. Эгер бул көйгөйдү чечпесе эртең ал мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйгө айланышы мүмкүн”, -дейт Бекешев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД