Ө.Текебаев: Бишкек шаардык кеңеш болгон шайлоодо админ ресурс сөзсүз колдонулду

“Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодо сөзсүз түрдө административдик ресурстар колдонулду”. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев КТРКнын 28-ноябрдагы түз эфиринде болгон Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” программасында билдирди.

Ал ошондой эле бул шайлоодо административдик ресурс мурдагыдай болуп бир жерден колдонулбаганын айтты. “Мурдагыга караганда мында админстративдик ресурс чачылганы байкалды. Кыргызстандын аймактарында болгон шайлоолорду карай турган болсок, түрдүү партиялар ар башка аймактарда биринчи болуп чыга келди. Ошентсе да, административдик ресурсту колдонууну бир күндө эле жоюп жиберүү мүмкүн эмес”, - дейт ал.

Ушул эле программага катышкан “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев бул шайлоолордо мамлекеттик жумушта иштегендер бийликте отурган партия КСДПдан коркуп ага иштегенин белгиледи. “Республика” партиясы шаардык кеңешке болгон шайлоодо биринчи болобуз деп ойлогонбуз. Анткени биз эл менен жолугуп, алар менен иш алып барганда бизди колдой тургандыктарын айтышкан”, - дейт депутат. Ал ошондой эле шайлоонун таза өтпөгөнүн сезген Феликс Кулов көпчүлүк коалициянын жетекчилигинен кетип генаралдык кадам жасады деп кошумчалады.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев колдонулган административдик ресурстар шайлоонун түп тамырынан бери өзгөртүүгө алып келбейт, - деген оюн кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД