Курманбек Дыйканбаев: Кудай буюрса коалиция ураса жаңы адамдар келет

“Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев КТРКнын 28-ноябрдагы түз эфириндеги Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” программасында коалиция ураса, жаңы адамдар келет, - деп билдирди.

“Акыркы айлардагы өкмөттүн ишин карап көрсөк ун 60 пайызга кымбаттады, газ, свет өчүрүлүүдө. Кудай буюрса коалиция ураса – жаңы адамдар келет. Бийлик авторитаризм болбошу керек”, - деп билдирди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев конституция боюнча коалиция каалаган убакта ыдырап кетиши мүмкүн деп билдирди. “Мына көптөгөн партиялар Бишкекте биз биринчини алсак, башкача болмок деп атышат. “Кудай буюрса” деп тилеп отурушу да туура эмес. Биз деле 15 орун алабыз деп турганбыз. Бирок 6-7 гана орун алып калдык. Ошого ыза болуп, коалицияны таратабыз дегенден алыспыз”, -дейт ал.

Текебаев шайлоолор уламдан улам кымбат болуп баратканын белгиледи. “Кийинки шайлоолорд партиялар атайын техника алганга аракет кылып, бир-бирин дыкат көзөмөлгө алып баштайт. Акырындап атаандаштык жолу менен тазаланууга алып келет. Жерде кошелек жатса аны айланып өтө тургандай абалга келебиз”, - деп билдирди фракция лидери.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД