Казакстандык өкүлдөр менен чек ара жана ал жердеги өткөрүү пункттары талкууланды

Бүгүн, 29-ноябрда Казакстандын борбору Астана шаарында КР Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Мажилисинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын 3-жыйыны болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Бул отурумга Төрага орун басары Бакыт Төрөбаев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Дамира Ниязалиева, Жылдыз Жолдошева, Данияр Тербишалиев, Абдрахман Маматалиев жана Максат Сабиров катышууда.

Отурумда 2 өлкөнүн ортосундагы 20 жыл аралыгында соода экономикалык, саясий-социалдык, маданий гуманитардык жана аймактык коопсуздук багытындагы кызматташуу маселелери талкууланууда.

Делегация жетекчиси Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө “Кыргыз-казак кызматташтыгы 20 жыл аралыгында 200дөн ашуун мамлекеттер аралык жана өкмөттөр ортосунда ар кандай маанилүү документтердин түзүлгөндүгүн айтты. Бул документтер мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң өбөлгө болуп келет”,- дейт ал.

Отурумдун жүрүшүндө чек ара маселелери жана чек арадагы өткөрүү пункттары да талкууга алынды . Өзгөчө өткөрүү пункттарындагы кыргыз жарандарынын укуктарынын корголбой жаткандыгы, 2 өлкө ортосундагы айрым бир келишимдердин аткарылбай жаткандыгы айтылды. Жогорку Кеңеш депутаттары Жылдыз Жолдошева жана Дамира Ниязалиева Казакстандын аймагында иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын маселесин көтөрүп жатып, кыргыз эмгек мигранттарынын укугун коргоо жагдайын өзгөчө баса белгилешти. Ал эми өткөрүү пункттары тууралуу сөз козголгондо кыргыз-казак чек арасындагы Маймак жана айрым бир жабылып калган өткөрүү пункттарынын маселеси талкууланды.

Ошондой эле айыл чарба продукциясынын Казактанга ташып өткөрүү маселеси талкууланды. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кыргызстандан Казакстандын аймагына сүт азыктарынын өткөрүлбөй калышынын себебин Кыргызстандагы мал арасында сибир жарасынын катталышы менен байланыштырды. Ошону менен катар бул маселе жакынкы аралыкта Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте сүйлөшүлө тургандыгын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД