Анвар Артыков: Коалиция элдин ишенимин актаган жок

Коалиция элдин ишенимин актаган жок, эл парламент менен коалициялык өкмөттүн ишине нааразы. Мындай пикирин “Ырыс алды ынтымак” көпчүлүк коалициясынан чыгуу ниетин билдирген “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Анвар Артыков “ВБ”га берген маегинде билдирди.

Эске салсак, аталган фракциянын депутаты Турсунбай Бакир уулу көпчүлүк коалициядан чыгууга “Ар-Намыс” фракциясын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү макул экенин билдирген.

Атажурчулардын мындай демилгеси жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгонунан улам келип чыккан.

Артыковдун айтымында, “Ар-Намыстын” кээ бир мүчөлөрүнүн коалициядан чыгуусуна негизги себеп шайлоодогу мыйзам бузуу эмес, коалициялык өкмөттүн жана коалициянын өзүнүн жаман иштегенинен улам болууда. Ал өкмөттө жана коалицияда бирдиктүү иш жок экенин кошумчалады.

“Экинчиден бул коалицияда эки башка фракция басымдуулук кылганга аракет кылышууда. Маселелерди “Ар-Намыссыз” эле чечип атышат”, - дейт ал.

Андан сырткары ал өкмөттү түзгөн “Ата Мекен” менен КСДПнын кишилеринин мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жоктугун жана алардын ийиштүү даярдыгы жок экенин белгиледи.

“Көргөзүп тургандай, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күз-кыш мезгилине даярданууда өкмөттүн иши канааттандыраарлык эмес деп табылды. Мурда өкмөттүн отчеттеру дайыма эске алынчу”, - дейт Артыков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД