Шашылыш эскертүү!

2012-жылдын 29-ноябрынан 2-декабрына чейин мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде кардын көп түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Зымдарга жана бактарга суу кар жармашып, жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу унаа жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдагы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз дыйканчылык аймактарда 1..6 суукка чейин төмөндөйт. 30-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы 4-9 м/с. 1-декабрда көпчүлүк аймактарда кар түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай аба ырайынын өзгөрүлүшү энергетика, автотранспорт, байланыш түйүндөрүнүн ишин жана алыскы жайыттарда мал багууну кыйындатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД