Шашылыш эскертүү. Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттигинин болжолдоосуна ылайык, 2012-жылдын 2-декабрынан 4-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош (121-137км, 198-265км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км) тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө жана адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу үчүн өкмөттүн буйругун аткаруу 4-декабрга чейин узартылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД