“Кыргызгаз” өкмөткө 827 миллион сом карыз

“Кыргызгаз” Ачык акционердик коомунун өкмөт алдында болгон карызы 827 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун директору Канатбек Мадумаров Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт акыркы жылдары “Кыргызгазга” 827 млн сом өлчөмүндө насыя берген. Аны төлөө мөөнөтү 2013-жылдан 2016-жылга туура келет.

“Кыргызгазга” берилген насыянын орточо үстөгү 6 пайызды түзөт. Учурда “Кыргызгаз” ААКынын бардык мүлкү Финансы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунда күрөөдө турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД