Сабыр Жумабеков бүткүл дүйнөлүк травматолог-ортопеддердин конгрессине катышты

Академик Сабыр Жумабеков 2012-жылдын 28-30-ноябрында Дубайда болуп өткөн бүткүл дүйнөлүк травматолог-ортопеддердин 33үнчү жана Бириккен Араб Эмираттарынын 17инчи биргелешкен конгрессине катышып келди. Бул тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун пресс-кызматы маалымдады.

Төгөрөктүн төрт бурчунан 2,5 миңден ашуун чыгаан илимпоз, окумуштуулар катышкан бул иш-чарада С.Жумабеков өзүнүн окуучу-шакирттери менен 7 докладын презентациялашты. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору тарабынан киргизилген жаңы ыкма, технологиялар делегаттардын зор кызыгуусун туудурду. 3 күндүк конгрессте учурда бардык мамлекеттерди, бүт дүйнө жүзүн каптаган түрдүү кырсыктар, анын кесепетинен келип чыккан травмалык оорулар, тубаса сөөк кемтиктери сыяктуу олуттуу маселелери кеңири талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД