Медведев ШКУ мамлекеттери ортосундагы кирип-чыгууну жеңилдетүүнү сунуштады

Шанхай кызматташтык уюмунун Орусиялык бөлүгүнүн жаштар кеңеши уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы кирип-чыгууну жеңилдете турган жаш адамдын картасын түзүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында Орусия өкмөтүнүн жетекчиси Дмитрий Медведев билдирди.

Ал ошондой эле тараптар гуманитардык багытта да кызматташууну өнүктүрүү керектигин белгиледи. Бул багытта жакшы жөрөлгөнү уюмга мүчө мамлекеттердин 65 ЖОЖун бириктерген ШКУнун тармактык университети жакшы роль ойногонун баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД