Өзгөн районунда күчү 4 балл болгон жер титиреди

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 9-декабрь күнү саат 22:46 эпицентринде 4 балл болгон жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ленин айылынан 10 чакырым түштүк-батышты, Өзгөн шаарынан 10 чакырым түштүк-батышты, Ош шаарынан 45 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Ленин айылында жана Өзгөн шаарында 4 балл, Ош шаарында 3-3,5 балл болгон. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД