Нарын облусунда машина ала салып, үч киши жабыркады

9-декабрь күнү саат 13.45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 352-чакырымында (Кызыл-Бел ашуусунда) Лексус RX 300 үлгүсүндөгү машина жолдон чыгып, тоголонуп кеткен.

Бул тууралуу ӨКМнын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге “Куткаруу кызматы” барган. Ошондой эле «Тез жардам» кызматы жабыркагандарды Нарын шаардык ооруканасына алып кетишкен.

Жабыркагандар:

1. Жумалиев Кубатбек 1981-ж.т. Нарын шаарынын тургуну, айдоочу.

2. Сарыбаева Айнагүл 1958 ж.т. Нарын шаарынын тургуну.

3. Байшериев Эркинбек 1982 ж.т. Нарын шаарынын тургуну.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД