Жакынкы күндөрү аба ырайынын бузулушу күтүлөт

12-декабрдан 15-декабрга чейин өлкө аймагында жагымсыз аба ырайы күтүлөт. 12-13-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар түшүп, айрым жерлерде калың жаайт. Бул тууралуу ӨКМнын басмасөз кызматы билдирди.

13-декабрда күндүз жана 14-15-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу жолдордо кар күрткү түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -10…-15 градус суукка чейин, күндүз -3…-8 градус суукка чейин төмөндөйт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД