Финансы министрлиги 2013-жылы наркы 7 млрд 602 млн сомдук баалуу кагаз чыгарат

“2013-жылдын бюджетинин долбооруна ылайык наркы 7 млрд 602 млн болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу пландалууда”, - деп парламенттин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында финансы министри Ольга Лаврова билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы 6 млрд 955 млн сомго мамлекеттик баалуу кагаздар чыгарылган. Ал баалуу кагаздардын негизги көлөмү кыска мөөнөттүү экенин белгиледи. “Келерки жылы узак мөөнөттүү баалуу кагаздардын көлөмүн көбөйтүүнү пландап атабыз”, - дейт Лаврова.

Министр айым ошондой эле баалуу кагаздардын негизги кармоочусу Социалдык фонд экенин айтты. “Соцфонддо 2 млрд 266 млн сомдук баалуу кагаз бар. Демек бул жарандардын баалуу кагаздар рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар дегенди түшүндүрөт”, - дейт ал.

Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков кийинки жылы 3-5 жылдык узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгарууга өтүү керектигин белгиледи. Анын айтымында кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар өзүнүн эффективдүү эместигин көргөздү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД