Кыргызстан мусулмандарынын курултайында муфтий шайланат

15-декабрь күнү Бишкектин Тарых музейинин жыйындар залында Кыргызстан мусулмандарынын IV Курултайы болот Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) басмасөз кызматы билдирди. Курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынын 200 делегат катышат.

Мусулмандардын эң жогорку жыйынында КМДБнын жаңы Уставы жана Уламалар Кеңешинин жаңы курамы шайланат. Ошол эле күнү Уламалар Кеңешинин жаңы курамы Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийин шайлайт.

Курултайда 2012-жылдын 17-июль жана 8-сентябрь күндөрү болуп өткөн Уламалар Кеңешинде Азрети муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев менен Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жамаатына тапшырылган кыска мөөнөттүү тапшырмалар тууралу отчет берилет. Тактап айтканда: Жаңы Борбордук мечиттин курулушун тездетүү, 2012-жылкы Ажылык сапарын мурункудан жогорку деңгээлде өткөрүү, жаңы Уставды иштеп чыгуу жана Кыргызстан мусулмандарынын Курултайын 15-декабрь күнүнөн жылдырбастан өткөзүү.

Курултайдын делегаттары Азрети муфтий менен КМДБнын иштерине баа берет жана канааттандыраарлык деп тапса кийинки мөөнөткө иштегенге колдоо көргөзөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын III Курултайы 2009-жылы апрель айында болуп өткөн


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД