Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык президенти Йоахим Гаук менен жолукту

11-декабрда, расмий сапардын жүрүшүндө, Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Йоахим Гаук менен жолугушту. Бул тууралуу КР президентинин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы немис кесиптеши менен Кыргызстан жана Германия ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу, Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономикасына Германиядан тартылган инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгын белгиледи.

«Мен үчүн Европа мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп Германияга сапар жасаганым абдан маанилүү эле. Анткени Кыргызстан менен Германия парламенттик республика болгондуктан, жалпы баалуулуктарыбыз бар»,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Германиянын Федералдык президенти Йоахим Гаук Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп парламенттик демократия куруу ишинде ири ийгиликке жетишкендигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД