Жогорку Кеңеште «Эмгек сиңирген ветеринардык врач» наамын белгилөө демилгеленди

Жогорку Кеңеште депутаттар тобу тарабынан “Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө” мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү менен, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ветеринардык врачы» наамын белгилөө демилгеси сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Талантбек Узакбаевдин айтымында, ветеринария тармагынын өлкө турмушунда ээлеген орду өзгөчө. “Мал ылаңы адамдардын ден-соолугуна да, чарбачылыкка да өзүнүн кесепетин тийгизүүдө. Дарыгерлердин өздөрүнө да бруцеллез, эхинококк сындуу мал дартын жуктуруп алган учурлар сейрек эмес. Ошондуктан, эмгеги сиңген ветеринарларга мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү зарылчылыгы бар. Буга көп деле каражат чыгымдалбайт”,- дейт ал.

Депутат Токон Мамытов жакшы демилге көтөрүлүп жаткандыгын баса белгилөө менен, ички иштер, атайын кызмат, чегара кызматы жаатында да ушундай ардак наамдарды кошо белгилөө сунушун берди. Алар дагы ушундай эле колдоого, ушундай эле сыйга муктаж. Ал эми депутат Өмүрбек Абдрахманов мындай ардактуу наамдар эскиден калган көрүнүш экендигин билдирди.

Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев азыр 27 категориядагы адистерге ушундай наам берилерин, наамга ээ болгондордун эмгек акысына 800 сом кошумча каражат төлөнө тургандыгын билдирди. Бир катар депутаттар КР Өкмөтүнүн өкүлдөрүнө ветеринария кызматына жүктөлүп жаткан жоопкерчиликтин канчалык деңгээлде зарылчылыгын билдирүү менен, аларды бул мыйзам долбоорунун колдоп берүүгө чакырды.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД