Кыргызстандагы эң жаш Баатыр энеге 3 бөлмөлүү батир берилди

Кыргызстандагы эң жаш Баатыр эне, 26 жаштагы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну Нурзада Кожобекованын үй-бүлөсүнө 3 бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу демилгечи журналист Асылкан Шайназарова “ВБ”га билдирди.

Маалыматка ылайык, батир Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы тарабынан курулган Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринде жайгашкан.

«Аталган үй-бүлө Кербен шаарчасында 7 баласы менен батирде күн күрөп келишкендиктен, райондук бийлик тарабынан керектүү документтер даярдалып облустук администрацияга ушул жылдын апрель айында тапшырылган. Ал үй бөлүштүрүү боюнча өкмөттүк комиссия тарабынан каралып, оң жагына чечилген. 10-декабрда өткөн комиссиянын отурумунан кийин Нурзада Кожобекованын үй-бүлөсү 60 батирлүү жаңы үйдүн жашоочуларынан болуп калды», - дейт демилгечи журналист.

Эскерте кетсек, Нурзада Кожобекова 2005-жылы Батма-Зуура, 2008-жылы Асан-Үсөн аттуу эгиздерди жана 2012-жылдын апрель айында Жаныш-Байыш-Үпөл аттуу үч эмди жарык дүйнөгө алып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД