Каныбек Осмоналиев муфтийди шайлоодо күч түзүмдөрүн кийлигишпөөгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев 2012-жылдын 15-декабрында боло турчу Кыргызстан мусулмандарынын курултайына карата өз кайылуусун таратты.

Ал өз билдирүүсүнда курултайды абдан маанилүү руханий, анан калса мамлекеттик деңгээлдеги идеологиялык мааниси бар иш чара катары сыпаттайт. “Кыргызстандын жалпы калкынын 80 пайызын түзгөн ислам жамааты өзүнүн стабилдүүлүккө үндөгөн, исламдын чыныгы баалуулуктарына шайкеш келген саясатты жүргүзүүсү биздин мамлекет үчүн кандай мааниге ээ экендигин баарыбыз түшүнүп турабыз. Ошондуктан биздин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, өлкөнүн дин жаатындагы бардык мыйзамдарынын базалык параметрлерине шайкеш, мамлекет менен диний уюмдар бири-биринин ишине кийлигишпөө принцибин сакташыбыз керек”, - деп жазылат депутаттын кайрылуусунда.

Депутат андан сырткары ага курултайдын делегаттары тарабынан, жалпы эле ислам жаатындагы жарандардын ичинен көп кайрылуулар болуп жаткандыгын айтат. “Алардын пикири боюнча дагы эле мурункулардын заманындагыдай курултайдын өтүшүнө түздөн-түз кийлигишип, ал турсун кандайдыр бир кандидатураны таңуулашып, ошону сөзсүз өткөрөсүңөр деп жаткандыгы баарыбызды абдан көп түйшөлдүрүп жатат деп келишти мага. Ачык эле айтсак, Урматтуу Президентибиздин, өкмөттүн аппараттарынын жооптуу кызматкерлери, кээ бир министрликтердин өкүлдөрү, айрыкча күч түзүм органдары, алардын ичинен, МУКК, Ички иштер министрлиги, прокуратуранын өкүлдөрү делегаттарды жалгыздан чакырып алып, ал же тигил кандидатурага добуш бересиңер дегени баарыбызды жаран катары, абдан чоң түйшүккө салып отурат, дешти”, - деп жазылат билдирүүдө.

Осмоналиев ошондой эле “Конституциянын чыныгы параметрлерине баш ийип, муфтийди тандап алуу вазийпасына жолтоо болбосок, киришпесек. Ушуну мен силерден суранат элем! Бул кадам мыйзамдар боюнча деле, шарият боюнча деле, анан баарыбыз үчүн ыйык болгон Курани Карим үчүн дагы ошол ислам жамааты өздөрү сунуш кылган делегаттардын гана укугу жана милдети экендигин баса белгилеп айтып койгум келет”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД