Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу ачылды

Кара-Кулжа районунда 2012-жылдын 24-декабры күнү саат 16:00 чамасында Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун (Тамчы чегинде) 75-чакырымында 500 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. ЖЭМ-26 1 бульдозер тазалоо иштерин жүргүзүп, саат 23:00 чамасында жол толук ачылды. Токтоп турган 22 УАЗ жеңил унаа өз багытына кетти. Такталган маалымат боюнча, КамАЗ жүк унаасы кар көчкүнүн алдында калган эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД