Президент 436 адамга Кыргызстандын жарандыгын алууга макулдук берген

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 436 адамдын(366 чоң киши жана 70 өспүрүм) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган буйрукка кол койду. Бул тууралуу КР президентинин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Андан сырткары 611 адамдын(504 чоң киши жана 107 өспүрүм) Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу өтүнүчү да канааттандырылган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандыгын негизинен Өзбекстандан, Орусиядан, Тажикстандан келген этникалык кыргыздар алган. Ошондой эле Казакстан, Украинадан келгендерге да берилген.

Ал эми Кыргызстандын жарандыгынан чыккандарды - Малайзия, Түркмөнстан, Казакстан, Орусия, Белорусия жана Германияга кеткендер түзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД