Асылбек Жээнбеков казак парламент жетекчилигине көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Казак Республикасынын Парламент Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен Парламент Сенатынын төрагасы Кайрат Мамиге республикасынын Түштүк-Казак облусунун аймагында Ан-72 аскер-транспорт учагынын кыйрагандыгына байланыштуу көңүл айтуу катын жолдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Анда төрага Кыргызстан калкы боордош казак элинин орду толгус жоготуу кайгысын бөлүшөт жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүнүн атынан каза болгон адамдардын жакындары менен туугандарына көңүл айтуу менен, аза кайгысын тең бөлүшөт, деп жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД