2013-жыл иштерман жылы деп жарыяланды

Президент Алмазбек Атамбаев "2013-жылды Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарын көңүлгө алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү милдеттерин чечүүдө Кыргызстандын элинин күч-аракетин азыркы турмушунда анын жаратман ролун жогорулатуу максатында 2013-жылды Иштерман жылы деп жарыяланды.

КР өкмөтү Иштерман жылын өткөрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга тийиш.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД