2013-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашасы аныкталды

Жогору Кеңеште мамлекеттин негизги каржы документи болуп саналган "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Алдынала болжолго караганда, Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн өсүүсү 2013-жылы 7 пайыздын айланасында болот. Ал эми 2014-жылы 7,6 пайыздын, 2015-жылы 7,8 пайыздын чегинде болору күтүлөт.

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 2013-жылы 86 млрд 288,5 млн сомду же, ички дүң өнүмдүн 24,3 пайызын түзөт. Ал эми 2014-жылы 89 млрд 458,2 млн сомду, 2015-жылы 96 млрд 590,7 млн сомду түзөөрү болжолдонууда.

Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2013-жылы 103 млрд 218,6 млн сомду же ички дүң өнүмдүн 29,1 пайызын түзөт. Ал эми 2014-жылы 105 млрд 626,3 млн сомду, 2015-жылы 107 млрд 657,3 млн сомду түзөрү болжолдонууда.

Андан сырткары, 2013-жылы республикалык бюджеттин таңсыктыгы 16 млрд 930,2 млн сом өлчөмүндө белгиленди. Азырынча 16 млрд 930,2 млн сом таңсык каражаттын киреше булагы алдынала аныкталды. Ал эми бюджет тартыштыгы 2014-жылы 16 млрд 168,1 млн сом, 2015-жылы 11 млрд 066,7 млн сом өлчөмүндө болоору күтүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, републикалык бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү жыл ичинде жаңы киреше булактарынын табылганына жараша кайрадан такталып турмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД