Ала-Арча дарыясын муздан тазалоо бүгүн да улантылат

Борбор калаанын Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин Ала-Арча дарыясын муздан тазалоо жумуштарына кечээ, 7-январда, 1 эксковатор, 3 самосвал, Бишкек шаардык мэриясынан 1 эксковатор тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Биринчи Май районундагы Молдобаев көчөсүндө Ала-Арча дарыясын муздан тазалоо жумуштарын "Бишкек суу оңдоо чарбасы" ишканасынан 5 жумушчу жүргүздү.

7-январь күнү аткарылган жумуштун көлөмү 650м³. Жалпы 2012-жылдын 15-декабрынан баштап аткарылган жумуштун көлөмү 24633м³. Суу каптоо кесепетин жоюу иштери бүгүн да улантылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД