КСДП фракциясы 2012-жылы кезектеги 39 жана кезексиз 9 жыйын өткөргөн

2012-жылы КСДП фракциясы кезектеги 39 жана кезексиз 9 жыйын өткөрүп, анда 58 маселени, 49 мыйзам долбоорлорун жана Жогорку Кеңештин 2 токтом долбоорлорун караган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Фракция тарабынан 5719 жеке жарандардын каттары кабыл алынып, аларга убагында жооптор кайтарылды. Депутаттардын суроо-талаптары 10775 каттар аркылуу аткаруу бийлигине жиберилген. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирет.

Фракция депутаттары тарабынан 8248 жаран кабыл алынса, коомдук кабылдамага 7057 жаран кайрылган.

КСДП фракциясынын депутаттары 42 республикалык, эл аралык парламенттик иш чараларга, 25 парламенттик угууга, 78 жумушчу топтору менен комиссияларындын иштерине катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД